ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Адамдарды сатуу менен күрөшүү
Кеңсе бийлик органдарынын адамдарды сатууну болтурбоо жана ага каршы туруу жаатында компетенттүүлүгүн жогорулатууга жардам берет. Анын ичинде Кеңсе парламент, укук коргоо органдары, жарандык коом жана жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташат. Анын ишмердүүлүк чөйрөсүнө милиция менен бажы кызматынын дараметин арттыруу боюнча семинарлар, ведомстволор аралык өз ара иштешүүнү жакшыртуу боюнча семинарлар, маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу (мисалы, диний лидерлер жана жаштар үчүн) боюна семинарлар, калктын маалымдуулугу боюнча тематикалык изилдөөлөр жана кампаниялар кирет. Анын үстүнө Кеңсе жергиликтүү бийлик органдарына 2017-2020-жылдарга карата Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча улуттук иш-аракеттер планын ишке ашырууга жардам берет. Бул план өзүнө Кулчулуктун курмандыктарын кайра жолдоонун улуттук механизмин жана аларды идентификациялоонун түзүмүн түзүүнү камтыйт, бул болсо алардын тийиштүү коргоо жана колдоо алса боло тургандыгын кепилдейт. Бул максатта Кеңсе, башкасын айтпаганда да, ведомстволор аралык координациялык кеңешке жардам берет. Аталган кеңештин курамына адамдарды сатууга каршы турууга кызыкдар болгон негизги тараптар, анын ичинде парламентарийлер, судьялар, укук коргоо органдары, Акыйкатчы жана жарандык коом кирет.