Жаштар коопсуз дүйнө үчүн: ЕККУнун колдоосу менен уюштурулган адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Жаштар форуму аяктады
Ысык-Көл, 2023-жылдын 23-26-октябры – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция Кеңеши ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте адам сатууга каршы күрөшүү боюнча төрт күндүк Жаштар форумун уюштурду. «Мен адам сатууну кантип түшүнөм?» деген темадагы өлкө боюнча өткөрүлгөн дил баян сынагынын негизинде тандалып алынган 30 мыкты студент Форумга катышуучу болуп келишти.
Төрт күн бою жаштар реалдуу иштерди талдоо жана интерактивдүү көнүгүүлөр аркылуу улуттук жана эл аралык мыйзамдардын эң маанилүү аспектилерин, адам сатуунун курмандыктарын кайра багыттоонун улуттук механизмин жана мыйзамсыз миграция көйгөйлөрүн терең изилдеп чыгышты. Мындан тышкары, катышуучулар өздөрүнүн жогорку окуу жайларында ишке ашыруу үчүн долбоордук сунуштарын жазып чыгышты жана презентация аркылуу сунушташты.
Бул демилге адам сатуунун жана мыйзамсыз миграциянын актуалдуу көйгөйүн чечүү жана маалымдуулукту жогорулатууга багытталган, ошону менен бирге жаш энтузиасттарды билим алууга, пикир алмашууга жана адам сатууга каршы күрөшкө активдүү катышууга үндөө максатын көздөйт.
«Бул форумда мен адам сатуу, адам укуктары жана аларды кантип коргой аларымды билдим», - деп форумдун катышуучуларынын бири, Баткен мамлекеттик университетинин студенти Досумбек Абдрахманов белгилеп кетти. «Адам сатууга жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштө жаштардын ролу чоң, анткени биз көппүз. Биз биригип Кыргызстандын бардык аймактарындагы теңтуштарыбыз үчүн форумдарды өткөрсөк болот”, - деп Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти Аяна Лунцова пикири менен бөлүштү.
Форум Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосундагы адам сатууга жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүдө бекем өнөктөштүгүн дагы бир жолу белгилөөдө жана туруктуу, коопсуз келечекти курууда жаштардын ролуна чон көңүл бурууда.