Келечектеги коопсуздукту бирге бекемдөөдөбүз: Ысык-Көл облусунун Тогуз-Булак айылында «Жаш чек арачы классынын» ачылыш аземи болуп өттү
Тогуз-Булак, 2023-жылдын 12-октябры - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Тогуз-Булак айылында “Жаш чек арачы классынын" салтанаттуу ачылышын өткөрүштү. Бул салтанаттуу ачылыш тараптардын чек ара коопсуздугун сактоо жана эл аралык коркунучтарга каршы туруудагы жалпы умтулуусун көрсөттү.
Терроризмге алып баруучу уюшкан кылмыштуулук, зомбулук экстремизм, радикалдашуу, адамдарды сатуу, тыйуу салынган заттардын аткезчилиги сыяктуу эл аралык коркунучтарды жөнгө салуу өзгөчө мамилени жана ыкмаларды талап кылат. Ар тараптуу таасир берген инновациялык чечимдерди кабыл алуу абдан зарыл. “Жаш чек арачы классынын" ачылышы бул Чек-ара кызматы менен ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин өнөктөштүгүнүн негизги кадамдардын бири жана чек ара коопсуздугун бекемдөөгө олуттуу салым.
"Жаштар - бул жаңы көз караштагы, позитивдүү өзгөрүүлөрдү жарата турган чечкиндүү күч. Бүгүнкү Тогуз-Булактагы класстын ачылышы менен жаштардын чек ара коопсуздугуна салым кошуу жана эл аралык коркунучтарга каршы туруу потенциалын жогорулата алабыз деген терең ишеним бар. Биз бул шарттарды түзүп жатып жаштардын потенциалын өнүктүрүүгө билим жана тажрыйба берүүгө умтулабыз”, - деп ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Алексей Рогов мырза белгиледи.
“Чек ара кызматы жаш муунду мекенчилдикке тарбиялоого өзгөчө көңүл бурат. Акыркы жылдары жаштардын чек ара кызматына болгон кызыгуусун көрүп турабыз. Бүгүн чек ара кызматынын тарыхын өз антына бекем турган жаш жоокерлер жана офицерлер жаратып жатат. Тогуз-Булактагы Жаш чек арачы классында окуган жаштар кийин аскер кызматын өтөбөсө дагы өлкөнүн татыктуу жарандары болуп өсушөт деп ишендире алам”,- деп Чек ара кызматынын Эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси полковник Эрмат Турганбаев мырза белгилеп өттү.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы менен өнөктөштүктү жогору баалап, жаңы муундагы чек арачылардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө умтулат.