2021-жылдын 2-3-декабрында Швециянын Стокгольм шаарында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) министрлер кеңешинин 28-чи жыйыны өтөт.
ЕККУга мүчө болгон 57 мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин жылдык жолугушуусу ЕККУнун учурдагы төрагасы, Швециянын тышкы иштер министри Анн Линденин чакыруусу менен өтөт.
Министрлер кеңеши ЕККУнун борбордук чечимдерди кабыл алуу жана башкаруу органы болуп саналат. Жыл сайын өтүүчү жыйын тышкы иштер министрлери үчүн Евроатлантикалык жана Евразия мейкиндигиндеги коопсуздук кырдаалын, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүнүн бардык чөйрөлөрүндөгү ишин карап чыгууга жана баалоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Арланда/Стокгольм шаарындагы Скандинавия ЭКСПОсунда өтө турган бул иш-чараны чагылдырууга ЖМК өкүлдөрү чакырылат.
ЖМК өкүлдөрүнөн алдын ала аккредитациялоо талап кылынат. Каттоонун акыркы мөөнөтү 2021-жылдын 26-ноябры, саат 18:00. Өз алдынча каттоодон өткөндөн кийин аккредитация бул жерден берилет (Сырсөз: reg-wrgZwb).
Сураныч, каттоодон өтүү үчүн талап кылынган маалыматты толтуруңуз, сүрөтү бар паспорттун баракчасын жана ЖМК күбөлүктүн көчүрмөсүн жүктөңүз.
Иш-чараны түз алып көрсөтүү үчүн транспорт каражаттарын (мобилдик спутник антенналары бар унааны) колдонууну каалаган ЖМКтары атайын унаа токтотуучу жайда мындай унааларды жана айдоочуларды алдын ала каттоого зарыл.
Ал үчүн [email protected] электрондук дарегине төмөнкү маалыматтарды камтыган кат жөнөтүңүз: унаанын түрү, мамлекеттик номуру, медиакомпаниянын аталышы, мобилдик тобунун мүчөлөрүнүн аты-жөнү.
Мобилдик спутник унааларды каттоонун акыркы мөөнөтү - 2021-жылдын 26-ноябры.
Жалпыга маалымдоо каражаттары жана аккредитациялоо боюнча инструкцияларды, мейманканаларды ээлөө жана виза алуу тартиби тууралуу толук маалыматты бул жерден тапса болот.
Коронавирустук пандемиясынын учурунда Швецияга саякаттоо боюнча маалыматты төмөнкү бөлүмдөрдөн тапса болот: Швецияга саякат/Швециядан кайтуу | Швециянын полиция органдары.
Бардык виза талаптары Швецияга келгенге чейин аткарылышы зарыл. Аккредитацияланган ЖМК өкүлдөрүнө визаны мүмкүн болушунча тезирээк өз алдынча алууга чараларды көрүүгө чакырабыз. Виза тууралуу маалымат – Government.se
Твиттерде @ OSCE, @SwedeninATOSCE жана # OSCEMC2021 дареги боюнча, же бул жерде Министрлер кеңешинин жыйыны тууралуу жаңылыктарды тапсаңыз болот.