Эл аралык байкоочулар, Кыргыз Республикасында өткөрүлгөн президенттик шайлоонун жакшы деңгээлде болгондугуна карабастан, талапкерлер үчүн бирдей шарттардын түзүлбөгөндүгү шайлоону начарлатты, депбилдиришет
БИШКЕК, 2021-жыл, 11-январь - Шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча талапкерлердин жана демилгелердин көп болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун бирдиктүүлүгү, талапкерлердин жеткиликтүүлүгүндө жана көрүнүктүүлүгүндө олуттуу тең салмаксыздыктан улам жана, көрүнүктүүлүгүндө олуттуу тең салмаксыздыктан улам жана,ошондой эле мамлекеттик ресурстарды туура эмес пайдаланган деген айыптоолордон улам солгундагандыгы туралуу КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзгөн эл аралык байкоочулар бүгүнкү жыйынында билдирүү жасады.
Эл аралык шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюросу (ДИАУБ) менен ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) биргелешкен иш-аракеттери болуп саналат, ошондой эле, ДИАУБ, кечээ өткөн шайлоо менен бирге болгон референдумга кошумча байкоо жүргүздү. Байкоочулардын баамында, бардык талапкерлер үгүт иштерин эркин жүргүзө алышкандыгы жана негизги эркиндиктер жалпысынан сакталгандыгы менен, мурдагы президенттин милдетин аткаруучунун каржылык жана уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөрү башка талапкерлерге салыштырмалуу бир кыйла жогору болгон..
“Акыркы айлар Кыргызстан эли үчүн кайгылуу болуп, саясаттагы башаламандык менен коштолду, бирок, кечээ күнү биз жалпысынан жакшы процесс жүрүп жаткандыгын көрдүк», - деди ЕККУнун кыска мөөнөттүү байкоочулар миссиясынын лидери жана атайын координатору Питер Юэль-Йенсен. “Бирок, эгерде Кыргызстан өз элинин иштеп жаткан демократияга болгон тилектерин актай турган болсо, анда шайлоолорду бирдей шартта, толугу менен таза атаандаштыкта өткөрүү маанилүү. Бул шайлоодо андай болгон жок ”.
Өткөн жылдагы шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган деген негизде парламенттик шайлоолордун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин бул президенттик шайлоолорго болжол менен 3,5 миллион адам добуш берүүгө укук алган. Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо дагы, референдум дагы шайлоо администрациясы тарабынан жалпысынан жакшы уюштурулганду. Жарандык байкоочулар процесстин жүрүшүндө активдүү түрдө катыша алышты. Шайлоо күнү, добуш берүүнүн купуялуулугу дайым эле сакталбагандыгына жана КОВИД-19 пандемиясына байланыштуу ден соолукту сактоо чаралары аткарылбагандыгына карабастан тынч жана жакшы өттү.
Өткөн президенттик шайлоодон кийин ДИАУБдун буга чейинки айрым сунуштары эске алуу менен укуктук базага бир нече жолу өзгөртүүлөр киргизилген. Бирок, шайлоо жана референдумдар жөнүндөгү мыйзамдарда жөнгө салууну талап кылган боштуктарды жана түшүнүксүздүктөрдү аныктады. Мындан тышкары, шайлоочуларга добуш берүү дарегин убактылуу өзгөртүүгө тыюу салуу менен добуштарды сатып алууга жол бербөө аракеттери 300 миңге жакын жарандын шайлоого катышуусуна тоскоолдуктарды жаратты.
Талапкерлер жалпысынан эркин үгүт жүргүзө алгандыгы менен , мурдагы президенттин милдетин аткаруучу үгүт иштерин бүткүл өлкө боюнча жүргүзө алды. Талапкерлердин үгүт фонддорундагы айырмачылыктар үгүт иштеринин масштабынын жана көрүнүктүүлүгүнүн тең эместиктигин жогорулатты. Жалпысынан, президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда саясий дебаттар аз болуп, талапкерлердин инсандык сапаттарын талкулоого басым жасалды.
ЕККУнун Парламенттик Ассамблея делегациясынын башчысы Рейнхольд Лопатка мырзанын айтымынд: “Акыркы убакытта саясий чөйрө тездик менен онүктү, бирок бул шайлоодо, көрүнүктүүлүгү жана каржыланышы жагынан башкаларды артта калтырган Жапаров мырзанын үстөмдук кылаары алдын ала билинген. Кыргызстан буга чейин өзүнүн саясий дебаттарынын деңгээли менен региондо өзүн айырмалап келген болсо талкулоолордо программаларга караганда жеке сапаттарга көңүл бурулгандыгы шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн төмөн катышуусуна алып келди”.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын көпчүлүгүнө карабастан, соттордо жалаа жабуу айыптары үчүн компенсациялардын ашыкча талаптары, ошондой эле этникалык же диний кастыкка каршы күрөшүү максатында иштелип чыккан мыйзамдарды туура эмес колдонуп жаткан учурларда аналитикалык жана сынчыл маалыматтардын чагылдырылышы аз санда болду. Ошол эле учурда, акыркы мезгилде журналисттерге жасалган чабуулдар кылдат иликтенбей, жазасыздыкка жана өзүн-өзү цензуралоого алып келди.
Улуттук мыйзамдар референдумду өткөрүүгө негиз түзгөнү менен, маанилүү маселелер боюнча референдум өнөктүгүн аныктоо, каттоонун мөөнөттөрү жана референдум өнөктүгүн каржылоо бүдөмүк бойдон калууда, деп ДИАУБдун байкоочулары белгилешти. Кечээ өткөн шайлоо менен катар, жарандардын парламенттик же президенттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өттү. Президенттик башкаруу формасын колдоо өнөктүгү көбүнчө алдыңкы талапкердин үгүт иштери менен шайкеш жүргүзүлсө, анын мыйзамдуулугуна болгон күмөн саноолордон улам, айрым талапкерлер референдум өнөктүгүн өткөрүүдөн таптакыр баш тартышты.
“Референдум күнү жакшы башкарылгандыгы менен , айрыкча добуш берүүнүн алдындагы укуктук боштуктар кооптонууну жаратты”, - деди ДИАУБдун шайлоого чектелген байкоо жүргүзүү боюнча миссиянын башчысы Тамаш Месерич. “Биз ошондой эле референдум өнөктүгүндө атаандаштардын ресурстарынын жана маалыматтык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экендигин көрдүк. Мындай көрүнүштөр шайлоочулардын маалыматтуу тандоо мүмкүнчүлүгүн төмөндөтүп жиберген, бул олуттуу кемчилик катары бааланат”.
Эл аралык шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы Кыргызстандагы мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого 24 өлкөдөн 84 байкоочу, анын ичинде 40 ДИАУБдун эксперттери жана узак мөөнөттүү байкоочулары, ошондой эле 44 парламентарийлер жана ЕККУ ПАнын кызматкерлери катышты.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү даректерге кайрылыңыз:
Катя Андруш, ДИАУБ: +48 609 522 266 or [email protected]
Андреас Бейкер, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясы: +45 6010 8126 or [email protected]