ЕККУнун колдоосу менен өткөрүлгөн конференцияда көрсөтүлгөн Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүүнүн заманбап усулдары
Коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата ЕККУнун Бишкектеги Борбору Башкы прокуратура менен кызматташууда 2015-жылдын 9-декабрында уюштурган конференциянын негизи коррупцияга каршы күрөшүүнүн заманбап усулдары болду.
100гө жакын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү, жогорку даражадагы адамдар, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, мамлекеттик ведомстволордо жана мекемелерде коррупцияны жок кылуу жана анын алдын алуу үчүн ар кандай усулдарды жана механизмдерди көрсөтүштү.
"Колдонуудагы мыйзамдардын жетилбегендиги, өзгөчөлүгүнүн жоктугу жана мыйзамдардын толук эместиги ак ниет эмес чиновниктерге бийликти кыянат пайдалануу үчүн көп мүмкүнчүлүктөрдү берет", - деди Кыргызстандын Башкы прокурору Индира Джолдубаева. "Айрым учурларда моралдык стимулдар жоготулган, жана мындай кызмат орундар көп учурда кирешенин кошумча булактарын издөө катары каралат. Биз муну түп тамырынан жок кылып, коррупция менен компромиссиз күрөштү улантышыбыз керек".
ЕККУнун Бишкектеги Борборунун Башчысы Сергей Капинос коррупция менен натыйжалуу күрөшүү үчүн баардык мамлекеттик укуктук институттардын тутумдуу реформасы керек деди.
"Аткаруу бийлик органдарынын гана эмес, ошондой эле сот органдарынын реформалары зарыл. Коррупция менен күрөшүүнүн алдынкы эл аралык практиктери тиешелүү башкарууга, транспаренттүүлүккө жана отчеттуулукка, мыйзамдын үстөмдүгүнө жана жарандык коом менен жалпыга маалымдоонун каражаттарынын катышуусуна негизделген. ЕККУ бул чөйрөдөгү өзүнүн тажрыйбасы жана билимдери менен бөлүшүүгө даяр", - деди Капинос.
Талкуулар Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарын, сот тутумунда коррупцияга каршы күрөшүү чараларын өркүндөтүүгө, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасында коррупцияга каршы күрөшүүнү уюштуруу практикасынан алынган сабактарга, ошондой эле Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумучу тобунун ишмердигинин аралык натыйжаларына фокусталган.
Талкуунун жыйынтыктары боюнча коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө жалпы резолюция, анын ичинде сунуштар кабыл алынды.
Иш чара Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө коррупция менен күрөшүүдө, акчанын изин жашырууда жана терроризмди каржылоодо жардам көрсөтүү боюнча ЕККУнун Бишкектеги Борборунун ишинин бөлүгү болуп саналат.