ЕККУнун башкы катчысы Кыргызстан менен болгон кызматташтыктын маанилүүлүгүн Бишкеке болгон сапарында белгилеп кетти
БИШКЕК, 27-август 2015 жыл - ЕККУнун Кыргызстан менен азыркы өз ара аракеттешүүсү жана келечектеги кызматташтыкты талкуулоо ЕККУнун башкы катчысы Ламберто Заньердин бүгүн аяктаган Бишкеке болгон эки күндүк сапарынын көңүл чордонунда болду.
Занньер Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Темир Сариев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолукту.
"Мен Кыргызстан менен өз ара түшүнүшүү жана жалпы келишүү деминде тийешелүү тармактарда болгон кызматташтыкты чыдамсыздык менен күтөм", - деди Занньер.
ЕККУ Кыргызстанда бир канча долбоорлорду ишке ашырды. Алардын ичинде, улуттар аралык коркунучтарга каршы эксперттик жардам берүү; мамлекеттик башкарууну илгерилетүү, адам уктары жана мыйзамдын улуктугу; жана аялдар менен эркектердин тендигине жардам көрсөтүү.
Заньер укук коргоо органдардын реформалоо, уюшулган кылмуштуулук менен күрөшүү жана жергиликтүү коом менен милициянын ортосунда натыйжалуу өнөктөш мамилелерди куруу багытында ЕККУ зор маанилүү иш жасаганын жана бул аларга көп улуттуу чөйрөдө профессионалдуу иштөөгө өбөлгө түзөөрүн белигилеп кетти.
Баш катчы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктар бюросун (ДИАУБ) күзүндө болуучу парламенттик шайлоону байкоого чакыруу чечимин кубаттады. ДИАУБ өзүнүн шайлоо алдындагы байкоочулар миссиясын 25-августта ачты.
“Кыргызстан демократиялык институттарды бекемдөөдө алга кадам жасады жана өзүнүн күчтүү жарандык коому менен белгилүү, бирок мындан да ары прогресске жетишүү мүмкүн”, - деди Занньер.
Андан сырткары, Заньер ЕККУнун Бишкектеги Борборунун кызматкерлери менен жолугуп, анын азыркы учурдагы ишмердиги менен таанышты.