ЕККУнун Кыргызстандагы 25 жылдыгы: Өлкө аралык көргөзмө
2024-жылдын 24-29-сентябрында Кыргызстандын Улуттук тарых музейинде “ЕККУ – эл үчүн” аттуу сүрөт көргөзмөсү өттү. Бул иш-чара 1999-жылы эшигин ачкан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин 25 жылдыгын белгиледи.
Келген коноктор, анын ичинде өкмөт өкүлдөрү, жарандык коомдун мүчөлөрү жана эл аралык өнөктөштөр кеңсенин коопсуздукту чыңдоодогу, демократиялык институттарды жана таза шайлоолорду колдоодогу, экономикалык өнүгүүнү илгерилетүүдөгү, гендердик теңчиликти жана адам укуктарын коргоодогу ролун көрсөткөн сүрөттөрдүн көргөзмөсү менен танышышты. Экспонаттар ЕККУнун Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган 25 жылдык тынымсыз эмгегин айкын чагылдырды.
Келген конокторду тосуп жатып, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Башчысы, Элчи Алексей Рогов мырза кеңсенин тарыхын эске салып, келечектеги иш-чаралар тууралуу сөз кылды. «Бүгүнкү күн — бул жөн гана жыйынтыктоочу учур эмес, алдыга көз жүгүртүү мүмкүнчүлүгү. Биз жаңы чакырыктарга туш болуудабыз жана аларга биргеликте туруштук берүүгө даярбыз. Биздин Миссия Кыргыз элине кызмат кылууну улантат жана кызматташтыгыбыз мындан ары дагы чыңдалат», — деп билдирди Элчи мырза.
Бишкектеги көргөзмө менен катар ушундай эле иш-чаралар Кыргызстандын бардык жети облусунда болуп, коомчулукка ЕККУнун көп жылдык өнөктөштүгүнүн тарыхы менен таанышууга мүмкүнчүлүк түздү. Бул көргөзмөлөр аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү колдоо боюнча өз ара милдеттенмелерди баса белгиледи.