ЕККУ аймактагы дипломатияны чыңдоодо: Ысык-Көлдө жаш дипломаттар үчүн VIII эл аралык жайкы мектеп аяктады
2024-жылдын 9-августунда Ысык-Көлдүн жээгинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, Беларусь Республикасынын жана Россия Федерациясынын жаш дипломаттары үчүн VIII Эл аралык жайкы мектеп жыйынтыкталды. “Эл аралык катнаштардын санариптештирүү доорундагы дипломатиялык жана консулдук кызматтар”- аттуу иш-чараны КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы, Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти тарабынан уюштурулган.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Жайкы мектепте Дипломатиялык академиянын ректору Акылбек Кылычев мырза, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Алмаз Букалаев мырза жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов мырза сөз сүйлөштү. Алар катышуучулар алган билим жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешип, санариптик доордо натыйжалуу иштөөгө даяр дипломаттардын жаңы муунун калыптандырууда мындай аянтчалардын өзгөчөлүгүн баса белгилешти.
Беш күн бою катышуучулар дипломатия, консулдук кызмат жана санариптештирүү чөйрөсүндөгү заманбап тенденцияларды жана чакырыктарды камтыган лекцияларга, семинарларга жана практикалык сабактарга катышты. Иш-чара жаш адистерге билимин тереңдетүү менен гана чектелбестен, ар кайсы өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен кесипкөй байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.