Бишкекте маанилүү инфраструктураны жана аялуу объектилерди коргоо боюнча консультациялар ЕККУнун колдоосу менен жыйынтыкталды
2024-жылдын 15-майынан 17-майына чейин ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасынын (КР) мамлекеттик органдары менен маанилүү инфраструктуранын жана коомдук жайлардын коопсуздугу боюнча консультацияларды өткөрүүгө көмөктөштү. Терроризмге каршы комитеттин Аткаруу директораты (CTED) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Терроризмге каршы башакармалыгынын (UNOCT) жетекчилиги астында өткөн талкуулар ЕККУ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө өткөрүлдү.
Тереңдетилген консультациялар Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азиядагы терроризмге каршы глобалдык стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын 2023-2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү программасын ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттер мерчемин колдоого багытталган.
Консультациялар Кыргызстандын маанилүү инфраструктураcын жана аялуу объектилерин коргоодо артыкчылыктарды жана керектөөлөрдү аныктоого багытталган. КР Тышкы иштер министрлиги жана УКМКнын Антитеррордук борборунун координациясы астында өткөн 3 күндүк иш-чарага, 23 министрлик жана ведомстволордон 32 өкүл катышты.
Иш-чаранын жыйынтыгы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2341 (2017) жана 2396 (2017) резолюцияларына, ошондой эле 2018-жылдагы (S/2018/1177) Чет согушкер-террористтерге карата Мадриддик Жетектөөчү принциптерин толуктоого шайкеш келген, улуттук коопсуздук потенциалын бекемдөө боюнча конкреттүү сунуштамаларды камтыган улуттук аракеттер мерчеми иштелип чыгат.