Кыргыз Республикасы ЕККУнун колдоосу менен ок атуучу куралдардын жана жеңил куралдардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө, ок-дарылардын жана жардыргыч заттардын жайылышына каршы аракеттенүү потенциалын күчөтүүдө
2024-жылдын 26-февралынан 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Ош шаарында курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн терс таасирин жоюуга багытталган “Чек арадагы ок атуучу куралдардын жана жеңил куралдардын, ок-дарылардын жана жардыргыч заттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү” аттуу окуу курсу болуп өттү.
Жеңил куралдардын, ок-дарылардын жана жардыргыч заттардын, өзгөчө террористтерге жана кылмыштуу топторго көзөмөлсүз таралышы калктын коопсуздугуна жана ЕККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна терс таасирин тийгизип, тилекке каршы, соңку куралдуу кагылышуулардын күчтөндүрүүcүнө шарт түзүп келүүдө.
Тренинг Кыргызстандын чек ара кызматынын офицерлерине жеңил куралдардын, ок-дарылардын жана жардыргыч заттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүүдө, алардын булактарын аныктоодо жана мыйзамсыз таралышында өз ролун тереңирээк түшүнүүгө жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча тажрыйбаны жогорулатууга жардам берди. Катышуучулар эл аралык укуктук негиздер, улуттук ченемдер жана абакка алуудан кийинки эффективдүү жол-жоболор тууралуу түшүнүк алышты.
«Бул демилге эң мыкты эл аралык тажрыйбанын негизинде чек ара бекеттеринде ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды аныктоодо Чек ара жана Бажы кызматтарынын потенциалын күчөтөт», - деп белгиледи Нора Ванага айым, ЕККУнун Катчылыгындагы Конфликттердин алдын алуу борборунун адиси.
«Жеңил куралдардын, ок-дарылардын жана жардыргыч заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана алардын улуттук чек аралар аркылуу жайылуусу бүткүл калктын коопсуздугуна терс таасирин тийгизүүдө. Чек ара кызматынын кызматкерлери бул көрүнүштү токтотууда негизги ролду ойношот, анткени алар өлкөгө кирген адамдарды жана товарларды биринчилерден болуп текшерет. Бул курс Кыргызстанда эл аралык стандарттарды жайылтууга өзгөчө көңүл буруу менен, чек ара кызматынын, ок-дарылардын жана жардыргыч заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча потенциалын жогорулатуу максатында иштелип чыккан», - деп бөлүштү Эва Климук айым, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин долбоордук кеңешчиси.
Бул курс ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин долбоорунун алкагында жана ЕККУнун Конфликттердин алдын алуу борборунун бөлүмү тарабынан INTERPOL, UNODC жана Германиялык Текшерүү Борборунун эксперттери менен биргеликте уюштурулган. Курс Германия жана Америка Кошмо Штаттары тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу жеңил куралдардын, ок-дарылардын жана жардыргыч заттардын мыйзамсыз таралуу коркунучун азайтуу» аттуу ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин бюджеттен тышкаркы долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу аркылуу ЕККУ трансулуттук коркунучтарды жоюу жана ЕККУнун кеңири чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын аракеттерин колдоого умтулууда.