ЕККУ трансулуттук коркунучтарга каршы туруу үчүн КР УКМКнын Чек ара кызматынын институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүдө
Бюджеттен тышкаркы долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз алып өтүү коркунучун азайтуу максатында, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму трансулуттук коркунучтарга каршы туруу үчүн Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүдө.
2023-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Ош шаарындагы Квалификацияны жогорулатуу борборунда толук жабдылган окуу корпусунун ачылыш аземин өткөрдү. Окуу имаратындагы бир нече класстык бөлмөлөрүндө толук ремонт өткөрүлдү. Окуу бөлмөлөрү керектүү нерселердин баары менен жабдылган жана окуу процессин курал-жарак кызматы, инженердик кызмат, чек ара көзөмөлүн уюштуруу жана аскерлерди медициналык жактан камсыздоо сыяктуу тармактарда өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Бардык класстарда тиешелүү оргтехника, визуалдык жана интерактивдүү окуу куралдары бар. Заманбап окуу имаратынын ачылышы Борбордун физикалык коопсуздук жана ок-дарыларды коопсуз сактоо, жардыруучу заттарды зыянсыздандыруу, чек ара көзөмөлү жана медициналык жактан камсыздоо жаатындагы окуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. АКШ жана Германия Федеративдүү Республикасы тарабынан колдоого алынган мындай аракеттер чек ара коопсуздугун чыңдоо үчүн маанилүү жана Кыргыз Республикасынын да, бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн коопсуздугун чыңдоого салым кошууда.