ЕККУ Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарынын арасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча маалымдуулукту жогорлатууга көмөк көрсөтөт
2022-жылдын 26-июлунда Бүткүл дүйнөлүк адамдарды сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата Бишкекте массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана өлкөнүн алдыңкы блогерлери үчүн адамдарды сатууга каршы күрөшүү маселелери боюнча коомчулукка маалымат берүү максатында пресс-кафе болуп өттү.
Улуттук эксперттердин баамында, учурда бул тармак курал-жарак жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү артта калтырып, дүйнөдөгү эң кирешелүү тармак катары биринчи орунда турат. Адам сатуу көйгөйү сексуалдык кулчулук, мыйзамсыз органдарды трансплантациялоо, чет өлкөдө мажбурлап никеге туруу, кайырчылыкты жана башкаларды камтыйт.
Эл аралык эмгек уюмунун маалыматтарына ылайык, жыл сайын 11,4 миллион аялдар жана кыздар, 9,5 миллион эркек жана өспурум балдар мажбур эмгектин курмандыгы болуп келишет; Алардын 5,5 миллиону жаш балдар.
Пресс-кафенин жүрүшүндө укук коргоо органдарынын жана жарандык коомдун эксперттери адам сатуу боюнча статистиканы, Кыргызстанда адам сатуунун учурлары жана фактылары, Улуттук жолдомо механизмин жана адам сатуунун курмандыктарын жакшыраак аныктоо, аларга жардам берүүнүн ар кандай ыкмаларын, ошондой эле адам сатууга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан актуалдуу аракеттерди талкуулашты.
Адам сатуунун курмандыктарынын турмуштук окуялары далилдегендей Кыргызстан адам сатуунун булагы да, транзиттик өлкөсү экенин да көрсөтүп турат.
Белгилей кетчү нерсе, улуттук укук коргоо органдарынын адистеринин пикири боюнча, Кыргызстанда расмий статистикага салыштырмалуу адам сатууга чалдыккандардын саны чындыгында алда канча көп. Кылмыштын бул түрүнүн жашыруундугу аны менен күрөшүүдө мамлекеттик органдардын ишин таталдаштырат, бирок укук коргоо органдарынын, социалдык кызматкерлердин жана жарандык коом уюмдарынын биргелешкен жана координацияланган иши бул көйгөйгө каршы турууда эффективдүү натыйжаларга алып келет.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси көп жылдардан бери улуттук кызыкдар тараптарга алардын дараметин жогорулатууда жардам көрсөтүп, укук коргоо органдары, социалдык кызматкерлер жана диний лидерлер үчүн семинарларды жана окуу курстарын, ошондой эле калк үчүн маалыматтык кампанияларды өткөрүп келет.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 2021-жылы биринчи жолу адам сатуу боюнча симуляциялоо машыгуулары өткөрүлдү, бул Улуттук жолдомо механизмин иш жүзүндө сынап көрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү туздү.