ЕККУ Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана анын аппараттынын кызматкерлеринин потенциалын бекемдөөгө колдоо көрсөтүүдө
Жогорку Кеңеш – Кыргызстандын улуттук парламенти, анын курамына 90 депутат, анын ичинде 19 депутат айым кирет.
50гө жакын жаңы шайланган парламентарийлер жана Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлери апрель жана май айларында Кыргызстандагы БУУнун өнүктүрүү программасынын жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулган бир катар окуу семинарларына катышышты.
Семинарлар парламенттин жаңы шайланган депутаттарынын жана аппарат кызматкерлеринин кесиптик билимин жана көндүмдөрүн жогорулатууга, ошону менен Жогорку Кеңештин институционалдык потенциалын чыңдоого багытталган.
"Акыркы жылдардын ичинде биздин кеңсе парламенттин натыйжалуулугун, ачыктыгын жогорулатуу жана коомчулук менен байланышты чыңдоо үчүн институционалдык жана кадрдык потенциалын жакшыртууга эксперттик жана техникалык жардам көрсөтуп келет", - деп бөлүштү ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов.
Катышуучулар парламенттин мамлекеттеги орду, анын эл алдындагы жоопкерчилиги, көзөмөлдөө механизмдери жана бийлик менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү, гендердик теңчиликке жетишүү жана адамдардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин алдыга жылдыруу маселелерин кеңири талкуулашты.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин иши кабыл алуучу мамлекеттин туруктуу жана демократиялык өнүгүүсүнүн кызыкчылыгында ачык-айкындуулук, жеткиликтүүлүк жана отчеттуулук сыяктуу башкаруунун демократиялык принциптерин жайылтууга багытталган.