ЕККУ жана Европа Биримдиги Майлуу-Суу шаарынын тарыхы жана Кыргызстандын уран мурастарынын музейинин ачылышына колдоо көрсөтүштүү
Майлуу-Суу - Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда жайгашкан, 22 миң калкы бар чакан шаар. Совет учурунда шаар уран рудасын казып алуу боюнча аймактык борбору болуп 1990-жылдардын башында СССР тарагандан кийин бул ири өнөр жай ишканасы ишин токтоткон. Майлуу-суунун өнөр жай тарыхы көптөгөн уран калдык сактагычтарын калтырган, алар жарым-жартылай калыбына келтирилип жана рекультивацияланган, бирок буга карабастан жергиликтүү калктын ден-соолугуна жана экосистемасына коркунуч туудурган калдык сактоочу жайлар дагы деле бар.
Майлуу-Суу чакан гидроэлектростанцияларды өнүктүрүү, айнек, жүн жана курулуш материалдарын өндүрүү үчүн мыкты потенциалга ээ. 16-жылдын 2022-июнунда Майлуу-Суу шаарында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Форум болуп өттү. Форумдун максаты - инвестициялык потенциалды илгерилетүү жана шаардын социалдык-экономикалык жана экологиялык өнүгүүсүнө дем берүү болду. Форум улуттук инвестициялык агенттиктин, жеке сектордун, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Парламентинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Европа Комиссиясынын, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин, БУУнун агенттиктеринин жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлдөрү үчүн шаардын экономикасын кайра жандандыруу жана аны андан ары туруктуу өнүктүрүү боюнча көйгөйлөрдү жана мумкунчүлүктөрдү талкуулоо үчүн натыйжалуу платформа болду.
Форумдун алкагында Майлуу-Суу шаарынын тарыхы жана Кыргызстандын уран мурастарынын музейинин ачылышы болуп өттү. Мындай музей Борбордук Азияда эң алгачкы жана биринчи музей экендигин белгилей кетүү маанилүү. Музей "жандуу" мейкиндиги катары долборлонгон, анда ар бир адам үн жаздыруучу кабинада кызыктуу тарыхый материалдары, окуялары жана эскерүүлөрү менен бөлүшүп, радиациялык коопсуздук, уран калдыктарын рекультивациялоо сыяктуу ар кандай темадагы ачык талкууларга катыша алышат. Музей шаардын маданий туризминин өнүгушүнө салым кошот деген чоң ишменим бар.
Музей Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын, Европа Комиссиясынын, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана БУУӨПтүн биргелешкен аракеттери менен түзүлгөн. Ошондой эле музейди тузүүдө РОСАТОМ мамлекеттик корпорациясынын тарабынан жардам көрсөтүлгөн.