ЕККУ Кыргызстандын саясаттагы аялдарга карата зомбулук маселелери боюнча биринчи изилдөөнүн жыйынтыктарын презентациялоодо
31-майда ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси кабыл алуучу мамлекетте биринчи жолу жүргүзүлгөн «Кыргызстандын саясатындагы аялдарга карата зомбулук» изилдөөсүнүн жыйынтыктарын талкуулоо үчүн тегерек стол өткөрдү. Изилдөө 2021-жылдын ноябрынан 2022-жылдын январына чейин ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюронун (ДИАУБ) колдоосу менен «Социалдык технологиялар агенттиги» бейөкмөт уюму тарабынан жүргүзүлгөн.
Тегерек столго Кыргызстандын парламентинин депутаттары, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, жарандык коомдун, эксперттик коомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Изилдөө көрсөткөндөй, Кыргызстандагы аялдар мындай терс көрүнүштөн жетиштүү деңгээлде корголбой коомдук жана саясий турмуштун бардык деңгээлдеринде зомбулукка туш болушат.
Изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, саясат менен алектенген же жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги шайлоого катышууну каалаган аялдар үй-бүлөсү, жергиликтүү жамааттар, жергиликтүү тургундар, бир партиялаштар жана башка эркек талапкерлер тарабынан психологиялык, эмоционалдык, экономикалык жана ал тургай сексуалдык зомбулукка кабылышат.
Изилдөө аял талапкерлердин же саясатчы аялдардын арасында сексуалдык мүнөздөгү сексуалдык талаптар жана билдирүүлөр түрүндө сексуалдык асылуунун жана ыдык көрсөтүүнүн өзгөчө жогорку таралышын (97 пайыз) аныктады.
Сурамжылоого катышкан айымдардын 32 пайызга жакыны: коркутуу, кемсинтүү, оозеки кордоо, шантаж жана коомчулуктун алдында кадыр-баркына шек келтирүү сыяктуу психологиялык зомбулукка дуушар болушкан. Белгилей кетүүчү нерсе, мындай асылуу жана ыдык эркектерден да жана башка аялдардан да көрсөтүлгөн.
Сурамжыланган айымдардын үчтөн бири же 30 пайызы экономикалык ресурстарга жана аларды бөлүштүрүүгө эркектер менен бирдей жеткиликтүүлүктүн жоктугу түрүндөгү экономикалык зомбулукка туш болушкан. Шайлоо үгүт кампаниясы олуттуу каражаттарды талап кылат жана мындай мүмкүнчүлүк баардык эле айымдарда бар эмес.
Кыргызстандын жергиликтүү маалымат каражаттарында аял саясатчыга карата зордук-зомбулук сейрек кездешет, респонденттердин 6 пайызы гана ага кабылганын ырасташты.
Катышуучулардын пикири боюнча, саясаттагы аялдарга карата зомбулуктун ар кандай түрлөрү алардын өзүнө болгон ишенимин жокко чыгаруу, коомчулуктун көз алдында кадыр-баркын төмөндөтүү үчүн атайын колдонулат, натыйжада аял талапкер шайлоо кампаниясын жүргүзүүдөн жана саясий жана коомдук процесстерге катышуудан баш тартышат.
Буга карабастан, кээ бир айымдар зордук-зомбулукка туш болгондо, үгүт иштерин улантууга жана/же саясатчы болууга болгон чечкиндүүлүгү бекемделээрин тастыкташты.
«Айымдарды орун толтуруу квотасы же жөнөкөй статистика катары кароо таптакыр туура эмес. Айымдар тең укуктуу жана маанилүү фактор катары кабыл алынышы керек, ансыз өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү мүмкүн эмес», - дейт ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчисинин орун басары Расмия Казимова.
Тегерек столдо ошондой эле Кыргызстандын саясаттагы айымдарына карата зомбулуктун алдын алууну жакшыртуу боюнча сунуштар, анын ичинде ЕККУ/ДИАУБ сунуш кылган ЕККУ аймагындагы эл аралык изилдөөлөр жана алдыңкы тажрыйбалар талкууланды.
Бул изилдөөдө сунуш кылынган реформалардан тышкары дагы эле маанилүү нерсе – коомдун аялдарды өкмөттө, саясатта кандай көрөрүн түп тамырынан бери өзгөртүү. Аялдар тең укуктуу жана маанилүү фактор катары кабыл алынганда, бул өлкө туруктуу жана адилеттүү өнүгүүгө жетишүү үчүн колдо болгон бардык ресурстарды колдонуп жаткандыгын далилдейт.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Кыргызстандагы гендердик теңчиликти, анын ичинде аялдардын тең саясий катышуусун илгерилетүү боюнча иши ЕККУнун 2004-жылдагы Гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча Иш-аракеттер планына жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Аялдар, Тынчтык жана Коопсуздук боюнча №1325 резолюциясына ылайык келет.