ДИАУБ Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого чектелген байкоо жүргүзүү миссиясын ачууда
БИШКЕК, 9-декабрь, 2020-жыл – Бүгүн ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ), Кыргыз Республикасында 10-январга белгиленген мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн чектелген миссиясын ачык деп жарыялайт. Бул миссия Кыргыз Республикасынын бийлик өкүлдөрү тарабынан расмий түрдө чакырылган.
Тамаш Месерич баштаган миссия 13 эксперттен турат жана алар Бишкек шаарында жайгашат. Ал эми, узак мөөнөттүү 22 байкоочудан турган топ 15-декабрдан баштап өлкөнүн ар тарабында иш алып барат.
Миссия ЕККУнун жана башка эл аралык милдеттенмелердин, демократиялык шайлоолордун жана ошондой эле улуттук мыйзамдардын так аткарылуусуна байкоо жүргүзөт. Байкоочулар, добуш берүүчүлөрдү каттоо, үгүт иштери, шайлоо комиссияларынын жана шайлоого тийешелүү башка мамлекттик органдардын иш-аракеттерине, ошондой эле, шайлоо мыйзамдарынын аткарылуусуна жана шайлоого тиешелүү талаш-тартыштарды чечүүгө көзөмөл жүргүзүшөт. Ошондой эле, миссия үгүт иштеринин массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдыруусуна мониторинг жүргүзөт.
Миссиянын кызматкерлери мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, саясий партиялар, жарандык коомдун, массалык маалымат каражаттарынын жана эл аралык коомдун өкүлдөрү менен байма- бай жолугуушуларды өткөрөт.
Миссиянын мүчөлөрү шайлоо күнү чектелген сандагы шайлоо участокторунда байкоо жүргүзө алат, бирок, добуш берүү, добуштарды саноо же жыйынтыктарды чыгаруу боюнча систематикалык түрдө байкоо жүргүзө албайт.
Миссия, шайлоонун жүрүшү боюнча өзүнүн аралык отчетун, байкоо жүргүзүү убагында жалпы коомчулукка жана ММКларга сунуштайт. Шайлоонун кандай өткөндүгү тууралуу алдын ала жыйынтыктоочу отчет шайлоо күнүнүн эртеси боло турган пресс конференцияда жарыяланат. Шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча финалдык отчет шайлоо процесси бүткөндөн кийин эки ай аралыгында чыгарылат.
NB: ДИАУБдун шайлоолорго байкоо жүргүзүү үчүн түзүлгөн чектелген миссиясы жана ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси эки бөлөк жана өз ыйгарым укуктарынын алкагында иш алып барышат.
Кошумча маалымат үчүн https://www.osce.org/odihr/elections/kyrgyzstan шилтемесин басып ЕККУнун расмий баракчасына кириниз же шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясынын ММК боюнча аналитиги Егор Тилпунов мырзага төмөндөгү уюлдук телефон +996 772 207 028, же электрондук дарек [email protected] , же
ДИАУБнун пресс-катчысы, Катя Андруш айымга төмөндөгу телефон +48 609 522 266 , же электрондук почтасы [email protected] аркылуу кайрылсаныздар болот.