ЕККУ/ДИАУБ Кыргызстанда шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясын ачты
Бишкек, 15 июнь 2009 – ЕККУ Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ) бүгүн 23 июлдук Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоого карата шайлоого байкоо жургүзүү миссиясын расмий түрүндө ачты.
Миссия Кыргыз Республикасынын бийлигинин чакыруусу аркылуу ачылды.
Миссияны Мурунку Югославиялык Республикасы Македониянын Премьер Министринин мурунку орун басары Радмила Шекеринска башкарат.
Бишкекте жайгашкан 11 шайлоо эксперттен тышкары миссия бүт өлкө боюнча 24 узак мөөнөттөгу байкоочулардан турат. Шайлоо болгон күнү катышуучу мамлекеттеринен 300 кыска мөөнөттөгу байкоочулар чакырылат.
Байкоо жургүзүү миссиясы президенттик шайлоонун ЕККУнун алкагында кабыл алынган милдеттенмелерге жана башка эл аралык стандарттарга, ошондой эле ички мыйзамдарга ылайык келтирүүнү баалайт. Байкоочулар шайлоого карата агитацияны, шайлоо боюнча администрациянын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын
иш аракетин, шайлоо боюнча мыйзамдар жана алардын аткарылышын, ММКнын жагдайы жана шайлоо боюнча соттордун чечимдерин абдан кылдаттык менен мониторинг өткөрүшөт.
Шайлоо мезгилинде байкоочулар шайлоо участоктордун ачылышын, шайлоо өтүп жаткан мезгилди, шайлоо бюллетендердин саналышын жана акыркы жыйынтыктарды жарыялоо боюнча мониторинг өткөзүшөт.
Алдын алуу тыянактар жана жыйынтыктар жөнүндөгү отчету шайлоодон бир күн өткөндөн кийин чыгарылат, ал эми акыркы отчет шайлоо процесси бүткөндөн кийин эки айдын даражасында даяр болот.
ЕККУ/ДИАУБ шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы жана ЕККУ борбору бири биринен көз карандысыз жана ар башка мандат менен иштешет.
Байланыш контакты:
Йенс-Хаген Эшенбэхер, ОБСЕ/БДИПЧ Элчиси
Тел: +48 22 520 0640
Сот: +48 603 683 122
Факс: +48 22 520 0605
Эл. почтасы: [email protected]