ЕККУнун Бишкектеги борбору чек ара кызматкерлерине жол жүрүү документтеринин коопсуздугу боюнча тренинг өткөрүүдө
НОВОПОКРОВКА, Кыргызстан, 11-ноябрь 2011-жыл – Бүгүн Бишкекке жакын жайгашкан Новопокровкадагы УКМКнын астындагы Чек ара аскерлигинин окутуу борборунда тренинг аяктады. Бул тренинг ЕККУ тарабынан каржыланган жана жол жүрүү документтеринин коопсуздугуна арналган.
Он күнгө созулган тренингде, жол жүрүү документтеринин коопсуздугу жана паспорт көзөмөлдөө иштери менен алектенген чек ара кызматкерлери, жасалма жол жүрүү документтерин табуу боюнча, өздөрүнүн теоретикалык жана практикалык чеберчилигин жогорулата алышты.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесорьер мындай деди: “ Жасалма документтерди өз убагында, кечиктирбей табуу аркылуу, көптөгөн кылмыш иштерин алдын алып жана чечсе болот. Ал эми, Кыргызстан аймактык жана эл аралык шериктери менен бирге иш алып баруу аркылуу, кылмышкелер, контрабандисттер жана террористтер тарабынан колдонулган мыйзамсыз документтерди колдонууну алдын алууда чоң роль ойнойт. Биз чек ара кызматкерлерине тренинг өткөрүү менен, өлкөнүн чек ара кылмыштуулугуна каршы күрөшүүсүнө өз салымыбызды кошууга аракеттенүүдөбүз.”
Чек ара кызматынын жетекчиси УКМК төрагасынын биринчи орун басары Закир Тиленов мырза мындай деди:” Бул тренинг биздин ЕККУ жана анын Бишкектеги борбору менен болгон практикалык кызматташуубуздун мисалы болуп эсептелинет жана Кыргызстандагы чек ара башкармалыгынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.”
Аталган окутуу Австриянын Ички иштер боюнча Федералдык Министрлигинин чек ара иштери боюнча кеңешчилери, ЕККУнун Секретариатынын антитеррордук бөлүмү жана ЕККУнун чек ара коопсуздугу боюнча иш алып барган тобу тарабынан.иштелип чыккан. Окутуу ЕККУга мүчө мамлекеттердин жана шериктеш мамлекеттердин чек ара кызматкерлерине 16чы жолу өткөрүлүүдө.
Бул окутуу ЕККУнун Бишкектеги борборунун кеңири долбоорунун бир бөлүгү болуп эсептелет. Ал Кыргызстандагы жол жүрүү документтеринин коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Мындан тышкары, жол жүрүү документтеринин коопсуздугу боюнча буклеттерди чыгарууга жана документтерди текшерүү себилдерин камтыйт.