ЕККУ Кыргызстандагы Аял-милициялардын Ассоциациясынын бир жылдыгын майрамдоону колдойт
БИШКЕК, 20-октябрь 2011-жыл – Бүгүн ЕККУнун колдоосу астында аял-милициялардын заманбап ролу жөнүндөгү талкуу болду. Бул жолугушуу Кыргызстандагы аял-милициялардын Ассоциациясынын бир жылдыгына арналган.
Бул талкуу ЕККУнун Бишкектеги борбору, Кыргызстандын Ички Иштер Министрлиги жана аял-милициялардын Ассоциациясы менен биргеликте уюшулду.
Бул иш-чарага өкмөттүн өкүлдөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү, эл-аралык коом, мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ошондой эле аял-милициялар катышты. Алар милиция кызматындагы аялдардын ролу, ИИМдин ишинде гендердик теңдиктин принциптеринин ишке ашышы жана Ассоциациянын 2010-жылдын октябрынан берки жетишкендиктери жана келечекке болгон пландары жөнүндө талкуу жүргүзүштү.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Лилиан Дарий мындай деди: “ Коопсуздукка болгон стратегиялык мамиле практика жүзүндө гендердик теңдиктин таралышына, ошондой эле аялдардын милицияда толук жана ырааттуу түрдө кызмат кылуусуна көмөктөшөт. Аялдар кылмыштуулукту алдын алууда жана аны менен күрөшүүдө чоң салым кошушат, өзгөчө кээ бир адамдардын мамлекеттик мекемелердин ишине ишенбеген учурда чоң салым кошушат. Ассоциация аял-милицияларга тажрыйбалары менен алмашууга жана күч структураларында кызмат кылуусун кеңейтүүгө жардам берет”.
Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министринин 1-орун басары Бактыбек Алымбеков мындай деди: « Азыркы убакта аялдар Ички Иштер Министрлигинде иштеген бардык кызматкерлердин 25% түзөт. Аялдар татаал “ эркектики” деп эсептелинген участкаларда иштешет жана кээ бир учурларда эркектерге караганда жакшы иш алып барышат. ИИМде иштеген аял-милициялар мамлекетибизде татаал учурда Ассоциацияны түзүү демилгеси менен кайрылышты. Өткөн жыл Ассоциациянын калыптануу мезгили болду. Биз эми Ассоциация милициянын ишине жардам берет жана силердин демилгелериңер ведомстволук деңгээлде ишке ашат деп ойлойбуз. ИИМдин жетекчилиги силердин сунуштарынарга жана Ассоциацияга бардык жактан жардам берүүгө даяр.
Кыргызстандагы аял-милициялардын Ассоциациясынын президенти Каана Айдаркул мындай деди: “ Биз быйыл ар бир областа Ассоциациянын бөлүмдөрүн түздүк жана райондордо бөлүмдөрүн түзүү иштери менен алекпиз. Биз гендердик маселелер жөнүндө иш алып баруучу бейөкмөт уюмдар жана тынчтык орнотуучу аялдардын уюму менен биргеликте кызматташуудабыз.
Бул жолугушууда эл-аралык аял-милициялардын Ассоциациясынын Президенти Жейн Таунсли Эл-аралык Аял-милициялардын Ассоциациясынын Шериктеш Мүчөлүгүнүн күбөлүгүн Кыргызстандагы Ассоциациядагы коллегаларына тапшырды.
“Эл-аралык ассоциация Кыргызстандык аял-милициялардын бүт дүйнөдөгү өздөрүнүкү сыяктуу структуралар менен байланыш түзүүгө умтулушун колдойт. Биз биргелешкен аракет менен бүткүл дүйнөдөгү аял-милициялардын эмгектерин жана иштин керектүүлүгүн таанууну бекемдөөгө биргеликте аракет кылабыз. Ал үчүн иш боюнча кызматташууну өнүктүрөбүз, иш тажрыйба менен алмашабыз, билимди жогорулатып жана маектешебиз”, деди Жейн Таунсли.
Кыргызстандагы Аял-милициялардын Ассоциациясы ЕККУнун Бишкектеги борборунун Коомдук Коопсуздук долбоорунун алкагындагы “Кыргыз Республикасынын органдарын реформалоо” долбоорунун бир бөлүгү катары колдоого алынды.