ЕККУнун Бишкектеги борбору Кыргызстандын Түштүгүндөгү чек арага жакын жайгашкан аймактардын жашоочуларына акысыз юридикалык кеңештерди берүүнү колдойт
![](https://www.osce.org/files/imagecache/10_large_gallery/f/images/hires/6/e/80983.jpg?1517403373)
6-июльдан 14-июльга чейин ЕККУнун Бишкектеги борборунун колдоосу менен Ош жана Жалалабад облустарынын чек арага жакын жайгашкан аймактарында акысыз юридиклык кеңештер өткөрүлдү.
ЕККУнун Бишкектеги борбору, Ош жана Жалалабад облустарынын администрациясы, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы, “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” жана “ Жактоочулардын эл аралык үйү” коомдук уюмдары чек арага жакын жайгашкан райондордун элине укук коргоо багыттары же башка имшмердик боюнча маалымат берүүнү жогорулатуу үчүн юридикалык кеңештерди өткөрүштү.
Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунун жана Жалалабад облусунун Сузак районунун жүздөн ашык жашоочулары юристтерден акысыз кенеш алышты. Мындан тышкары, юристтер Чек ара кызматынын, милициянын райондук бөлүмүнүн, Миграция кызматынын, Прокуратуранын жана башка мамлекеттик түзүмдүн кызматкерлерине юридикалык кеңеш беришти. “ Жактоочулардын эл аралык үйү” коомдук уюму Жалалабад облусунун башка райондорунун жашоочуларына дагы барып, юридикалык кеңештерди берүүнү пландоодо.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Лилиан Дарий мындай деп белгиледи: ” Юридикалык кеңештер чек арага жакын жайгашкан аймактардын жашоочуларына мыйзамдын алкагында соода-сатык ишмердигин баштоого жана алып барууга, ошондой эле чек араны кесип өтүү менен байланышкан социалдык жана маданий жашоого аралашууга жардам берет. Бул кеңештер мыйзамдык базадагы кемчиликтерди таап жана аларды жогорулатуу боюнча кенештерди сунуш кылат”.
Аталган юридикалык кеңештер ЕККУнун Ош жана Жалалабад облустарындагы чек аранын коопсуздугун бекемдөө боюнча ишмердигинин бир бөлүгү болуп эсептелет.