ЕККУ борбору аялдардын коомдук жашоого аралашуусуна көмөктөшөт
13-июльда 2011 ж. ЕККУнун Бишкектеги борбору жана Тышкы Иштер боюнча Улуттук Демократиялык Институту тарабынан уюшулган тренинг-семинар өттү. Бул 3-күндук семинарга Республика, Ак-Шумкар жана Ата – Мекен партияларынын аял активисттери катышты.
Бул семинарда гендердик теңдик, демократиялык мамлекеттин саясий жашоосундагы аялдардын ролу, байланыш жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болгон жөндөм жана маалымат ресурстарын натыйжалуу колдонуу сыяктуу маселелер каралды.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Лилиан Дарий мындай деди: “ ЕККУ борбору аялдардын саясий процесстерге катышуусун жогорулатууга, саясий партиялардын аял мүчөлөрүнүн өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоосуна жана лоббисттик күчкө ээ болуусуна көмөктөшөт. Мындай аракеттер бийлик тарабынан аялдардын муктаждыктарына ачык жана олуттуу мамиле кылууга мүмкүнчүлүк түзөт”.
Практикалык окутуулар 2011-жылдын май айында ЕККУнун Бишкектеги борбору тарабынан өткөрүлгөн “окутуучуларга арналган тренингге” катышкан партиялардын атайын мүчөлөрү тарабынан өткөрүлдү.
Июль айынын аягында ушул сыяктуу семинарлар Социал-демократтык партиясынын жана Ата-Журт партиясынын аял мүчөлөрүнө уюшулат.
Жогорудагы семинарлар ЕККУ борборунун аялдардын саясий жашоого жана шайлоого катышуусуна көмөктөшүү долбоорунун бир бөлүгу болуп эсептелет.