ЕККУ борбору Чоң Кеминдеги милициянын болумун ремонттоону колдойт
Кыргызстан, Чоң Кемин, 24-июнь 2011-жыл.- Бγгγн Чоң Кеминде Кыргызстандын тγндγгγндө жайгашкан Шабдан айылындагы жаңы ремонттолгон милиция участогунун ачылуу аземи болду. ЕККУнун Бишкектеги борбору бул участоктун ремонтун жана жаңы жабдуулары менен бирге ЕККУ долборунун алкагында откон жылы милицияга машина алууну каржылады.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесорьер бул окуянын маанилγγлγгγн мындай деп белгиледи: «Биз жаңыланган милиция болуму калкка жакшы кызмат кылат деген γмγттөбγз. Бул милиция участогу, болжол менен 8780 жашоочунун муктаждыктарына кызмат кылат жана өзγнө 900км аянтты камтыйт. Коомдун муктаждыктарын колдоо жана өзгөчө кырдаалда жакшы кызмат көрсөтγγ жана коомдун коопсуздугун кайтаруу Чоң Кеминдеги милиция бөлγмγнγн негизинде жатат».
Ички иштер министринин орун басары Кашкар Жунушалиев мындай деди: « Бγгγн биз бул милиция болумунун кайра калыбына келишине абдан кубануудабыз. Бул тγзγлгөн мγмкγнчγлγктөр жана шарттар Чоң Кемин аймагынын тургундарынын коопсуздугуна жана кызыкчылыктарына кызмат кылууга жакшы жардам берет деп ишенем».
Бул ачылыш аземине Чγй облусунун губернатору, Чγй облустук милиция бөлγмγнγн башчысы, Кемин райондук милиция бөлγмγнγн башчысы, ошондой эле жергиликтγγ өз алдынча башкаруу бийлигинин өкγлдөрγ жана жегиликтуу калк катышты. Облустагы орто мектептердин окуучуларына Чγй облусунун жашы жете электер менен иштоо инспекциясы тарабынан ачылыш аземине карата бир катар футбол оюндары уюштуруп берилди.
Бул ич-чара ЕККУнун Бишкектеги борборунун ички иштер органдарын реформалоо Программасынын алкагындагы Квартальдык Полиция долбоору тарабынан жузого ашырылды.