ЕККУ Ош жана Жалалабад шаарларын кайра калыбына келтирγγ жана өнγктγрγγ боюнча коомдук угууларын өткөрγγнγ колдоодо
Мамлекеттик Дирекциянын кайра калыбына келтирγγ жана өнγктγрγγ иштери боюнча коомдук угуунун экинчи бөлγгγ 2011-жылдын 24-июнунда өттγ. Бул угууда Мамлекеттик Дирекциянын жайланыштыруу боюнча жγргγзγлгөн иштери каралды. «Интербилим» бейөкмөт уюму Дирекциянын акыркы мезгилдеги өткөрγлгөн мониторинг боюнча ишинин отчетун көрсөттγ.
Биринчи талкуу 22-июнда Ош шаарында өткөн. Эки иш-чара тең ЕККУнун Бишкектеги борбору жана «Интербилим» бейөкмөт уюму, ошондой эле Кыргызстандагы Сорос фондунун катышуусу жана Даниянын «Дэн Черч Эйд» бейөкмөт уюму тарабынан өткөрγлгөн».
Бул угууларга бейөкмөт уюмдардын жана коомдун өкγлдөрγ, ошону менен бирге 2010-жылдын июнь окуяларынан жабыр тарткан жарандар катышты. Ош шаарынын мэриясынын жана Мамлекеттик Дирекциянын кызматкерлери катышуучуларга γй куруунун кезектеги баскычы жөнγндө маалымдашты.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесорьер мындай деди: «Бγгγнкγ коомдук угуулардын жγрγшγндө мамлекеттик тγзγмдγн жана жергиликтγγ бийликтердин өкγлдөрγнө маалымат менен бөлγшγп жана элдин оюн угууга тγзγлгөн мγмкγнчγлγк, жалпы улуттук деңгээлде өтγп жаткан кайра калыбына келтирγγ процессинин жана 2010-жылдагы толкундоолордон кийинки жарашуунун негизи болуп эсептелет».
« Интербилим» бейөкмөт уюмунун жооптуу жетекчиси Гγлгакы Мамасалиева мындай деп кошумчалады: «Биз Мамлекеттик Дирекциянын ишинин ачыктыгын аныктоого жана коомдун муктаждыктарына жооп береби же жокпу, ошону аныктоо γчγн көзөмөлдөгөнбγз жана көзөмөлдөп келебиз».