ЕККУ Кыргызстандын күч органдарынын терроризмге каршы күрөшүү дараметин бекемдөөгө жардам берип жатат
Кыргызстандын Баткен шаарында 24-25 апрелде, ЕККУнун колдоосу менен «Баткен антитеррор 2013» деген командалык штабдык көнүгүү болуп өттү.
Бул көнүгүүнүн максаты – террористтер же куралдуу күчтөр Кыргызстанга кол салган учурда мамлекеттик күч органдарынын реакциясын имитация кылуу, ошондой эле бардык күч органдарынын аракеттерин координациялоо механизмин иштеп чыгуу болду.
Бул окууга катышкандар – антитеррордук операцияларды башкаруу боюнча штабды түзүү боюнча практикалык билимдери бар Улуттук Коопсуздук кызматынын антитеррор бөлүгүнө баш ийген күч органдарынын аракеттерин байланыштыруу жана жандандыруу боюнча иштеген кызматкерлер болду. Андан сырткары, бул окуу- күч органдарынын оперативдүүлүк дараметин алдын ала текшерип көрүү болду.
Бул иш-чарага катышкандар – Улуттук коопсуздук кызматынын жогорку даражадагы кызматкерлери, Улуттук чек ара кызматы, Баткен облусунун жергиликтүү бийликтери, Тышкы иштер министрлиги, Коргоо жана Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү болду.
ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Сергей Капинос, мындай деди: «Мамлекетте улуттук жана облустук денгээлдерде коопсуздукту камсыз кылчу күч органдарынын потенциалын күчөтүү, алардын өз-ара байланышын жана координациясын бекемдөө ишинде бул симуляция көнүгүү абдан зор мааниге ээ. Өзгөчө, келе жаткан 2014-жылы Афганистандан Эл аралык коопсуздук күчтөрү чыгарылары жакындаган чакта, бул бул иш-чаранын мааниси андан да чоң».
Бул көнүгүү буткөндөн кийин күч органдарынын өкүлдөрү, Жогорку Кенештин депутаттары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү Баткен жактагы чек ара темасына арналган тегерек столго катышышты. Бул иш-чара дагы ЕККУ тарабынан каржыланып, бей өкмөт уюм «Саясий партиялардын Парламенти» тарабынан аткарылды. Бул окуя ЕККУнун Кыргыз Парламентинин күч органдарын карата приоритеттүү иштерин жана стратегиясын түзүүдө колдоо көрсөтүү долбоорунун бир бөлүгү болуп эсептелет.