Кыргыз Республикасы менен ЕККУ терроризмге жана терроризмге алып келген зордук-зомбулук экстремизмге жана радикалдашууга каршы күчтөрдү бириктирүүдө
Бишкек, 2023-жылдын 21-ноябры - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Терроризмге каршы борбору (КР УКК ТКБ) ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте Министрлер кабинетинин программасын жана Кыргыз Республикасынын 2023-2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүлөрдү ишке ашыруу максатында тегерек стол өткөрдү.
Катышуучулар экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча 2017-2022-жылдарга карата программанын жыйынтыктарын талкуулашты жана 2023-2027-жылдарга жаңы Программанын милдеттери, анын иш-чаралар планы менен таанышышты. Ишке ашыруу механизмдерине, күтүлгөн натыйжаларга, аткаруучу агенттиктердин кызматташуусуна жана мониторинг жана баалоого байланыштуу маселелерге көңүл бурулду.
Программа да, Иш-чаралар планы да мамлекеттик жана мамлекеттик эмес институттардын ортосундагы кызматташтыкты жана координациялоо механизмдерин өркүндөтүү аркылуу терроризмге, терроризмге алып келген зордук-зомбулук экстремизмге жана радикалдашууга каршы күрөшүү боюнча улуттук саясатты натыйжалуу ишке ашырууга багытталган.
«Акыркы жылдары экстремизм жана терроризм дүйнөсү ар бир өлкө үчүн олуттуу коркунуч көрсөтөтүүдө. Ошондуктан, мындай коркунучтарга каршы күрөшүүдө бардык мамлекеттик органдар жарандык коомдун өкүлдөрүн активдүү тартуу менен ырааттуу, чечкиндүү, тынымсыз жана демилгелүү иш алып баруусу зарыл», - деп белгиледи УКМКнын ТКБ директору Айбек Шаменов мырза.
«Өткөн жылдарга салыштырмалуу ар бир этапта олуттуу кадамдарга жетишүүдөбүз: мурунку Программаны баалоодон баштап, азыркы Программаны жана Иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана бекитүү. Бул аракеттер Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы күрөшүү жана жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууга умтулгандыгын дагы бир жолу көрсөтөт», - деп бөлүштү ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Башчысы, Элчи Алексей Рогов мырза.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси мамлекеттик институттарды, анын ичинде 2023-2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Программасы жана анын иш-аракеттери сыяктуу стратегиялык документтерди иштеп чыгууга жигердүү колдоо көрсөтүү аркылуу Кыргыз Республикасынын коопсуздугун бекемдөөдө.