Кыргыз Республикасы ЕККУнун колдоосу менен санариптештирүү аркылуу кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүдө
2023-жылдын 21-ноябрында финансылык кылмыштарга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүгө багытталган Бирдиктүү маалыматтык-аналитикалык тутумдун (БМАТ) презентациясы болуп өттү. Бул демилге ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан ишке ашырылууда.
БМАТ шектүү финансылык иш-аракеттер жөнүндө маалыматты чогултуунун, иштеп чыгуунун жана талдоонун натыйжалуулугун жогорулатат. Система маалыматтык башкаруу процесстерин оптималдаштырууга, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттердин белгилерин ыкчам аныктоону камсыз кылууга багытталган функцияларды камтыйт.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасына мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдө колдоо көрсөтүүдө, муну менен өлкөнүн финансылык коопсуздугун чыңдоого өзүнүн умтулуусун ырастайт.