ЕККУ, БУУӨП Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Кеңешинин биринчи кеңейтилген отурумун колдойт
БИШКЕК, 2015-жыл 22-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кеңешинин биринчи отуруму бүгүн Бишкекте Кыргызстандын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгынын астында болуп өттү.
Кеңеш коррупция менен күрөшүүдө мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы социалдык өнөктөштүк форматтарын жана жол-жоболорун ишке ашыруу жана механизмдерин иштеп чыгуу үчүн платформаны түзүгө багытталган.
КРдин Премьер-министри Темир Сариев өзүнүн кириш сөзүндө "Коррупцияга каршы күрөшүү кеңеши коррупцияга идеологиялык чабуул коюну жүзөгө ашыруу, коомдун ичинде жаңы баалуулуктарды жайылтуу жана коррупциянын болгон формаларын жок кылуу жана жаңыларынын алдын алуу үчүн жаңы мамилелерди өнүктүрүү максатында мамлекеттин жана коомдун аракеттерин бириктирүүчү улуттук платформаны түзүү үчүн негиз болууга тийиш", - деди.
Элчи Сергей Капинос, ЕККУнун Бишкектеги Борборунун башчысы, төмөнкүдөй деди: "Жарандык коом коррупция менен күрөшүүдө маанилүү ролду ойнойт. Ошондой болсо дагы, жарандык коом менен мамлекеттин ортосундагы кызматташуу механизмдерин иштеп чыгуу жана жайылтуу фрагментардык мүнөзгө ээ. Бул жагынан алып караганда, Коррупцияга каршы күрөшүү кеңеши коррупция менен күрөшүүдө кызматташуунун натыйжалуу формасы боло алат, анткени эки жактын тең – өлкөнүн жетекчилигинин жана жарандык коомдун кызыкчылыктары бар". Өкмөт менен жарандык коомдун ортосундагы диалог үчүн бул платформаны иштеп чыгууда да ЕККУ колдоо көрсөтүүдө. Иш чарага КР Приемьер-министри, Парламенттин, Башкы прокуратуранын жана Коргоо кеңешинин Катчылыгынын өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик огандардын, эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Жолугушуу ЕККУнун Бишкектеги Борборунун колдоосу жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) техникалык көмөк көрсөтүүсү менен уюштурулду.