ЕККУ Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коррупция менен күрөшүүгө учурлаштырылган Грузияга таанышуу визитин колдойт
БИШКЕК, 2015-ж. 12-октябрь - ЕККУнун Бишкектеги Борбору мамлекеттик сектордо коррупция менен натыйжалуу күрөшүү жана алдын алуу үчүн потенциалын бекемдөө максатында бүгүн башталган Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин Грузияга беш күндүк таанышуу визитин колдойт.
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин, Башкы прокуратуранын, Премьер-министрдин аппаратынын, Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын он кызматкери тажрыйба алмашышат, тармактарды түзүшөт жана коррупция менен күрөшүүдө ведомстволордун ортосунда кызматташуну жакшыртышат.
"ЕККУнун Бишкектеги Борбору Кыргызстандын Өкмөтүнүн коррупция менен күрөшүүдө аракеттерин колдоону мындан ары да улантууну жактайт", - деди ЕККУнун Бишкектеги Борборунун экономикалык жана экологиялык маселелер боюнча улук кеңешчиси Юлия Минаева. "Буга байланыштуу, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Стамбулдук иш чаралар планы коррупция менен күрөшүү боюнча чаралардын натыйжалуулугун жана прогрессин, ошондой эле реформаларын мониторингдөө үчүн натыйжалуу механизм катары чыгат".
Зураб Саникидзе, Грузиянын Юстиция министрлигине караштуу аналитикалык департаментинин директору эл аралык уюмдардын сунуштамаларын натыйжалуу аткаруу Грузия үчүн биринчи кезектеги мааниге ээ деп билдирди. Ошондой эле, ал таанышуу иш сапарынын катышуучуларына Грзиянын бул чөйрөсүндөгү тажрыйбасы тууралуу толук маалымат берди.
Иш сапар учурунда делегация Грузиянын коррупцияга каршы мыйзамдары жана стратегиялык программалык документтери менен таанышат, ошондой эле алардын мамлекеттик кызматтарда коррупциялык схемларды жок кылуу тажрыйбасы жөнүндө биле алат. Мындан тышкары, өзүнүн күнүмдүк ишинде алдынкы практиканы колдонуу үчүн катышуучулар, коррупция менен байланышкан Кыргызстан үчүн актуалдуу маселелерди көтөрүп чыгышат.
Ушул таанышуу визит Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө финансылык кылмыштар, коррупция менен күрөшүүдө, акчанын изин жашырууда жана терроризмди каржылоодо жардам көрсөтүү боюнча ЕККУнун Бишкектеги Борборунун ишинин бөлүгү болуп саналат жана 2015-жылы майда Загребде болуп өткөн коррупциянын алдын алуу боюнча ЭКӨУ-ЕККУ семинарынын андан аркы иш чарасы катары уюштурулган.